Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2019-жылдын 28-январы № 6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512 сандуу токтому менен бекилген убактылуу тартибине ылайык иш алып баруу максатында Шайдан айыл өкмөтүнүн 20.12.2018-жылдагы № 160-1 сандуу буйругу менен түзүлгөн комиссия курамын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512 сандуу токтому менен бекилген “Сугат айдоо жерлерине жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мараторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак уйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу ыйгарым укуктуу органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибине ылайык иш алып баруу максатында Шайдан айыл өкмөтүнүн 20.12.2018-жылдагы № 160-1 сандуу буйругу менен түзүлгөн комиссия курамы жана Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Ташиевтин 15.01.2019-жылдагы № 01-35/13-1 саандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512 сандуу токтому менен бекилген убактылуу тартибинин негизинде Шайдан айыл өкмөтүнүн 20.12.2018-жылдагы № 160-1 сандуу буйругу менен түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512 сандуу токтому менен бекилген “Сугат айдоо жерлерине жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мараторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак уйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу ыйгарым укуктуу органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибине ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы комиссия курамына милдеттендирилсин.
3. Аткарылган иштер боюнча айылдык кеңештин кезектеги сессиясына маалымат берүү жагы комиссиянын төрагасы К.Ташиевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кеңештин социяалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы У.Жантаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Назиров |