Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 24-сессиясы
2019-жылдын 03-апрели №3
Менчик мал багарлардын жана ветеринардык сервисдин малдарды эмдѳѳ үчүн 2019-жылга карата кызмат акысын бекитүү жѳнүндѳ
Момбеков жайыт комитетинин тѳрайымы К Тѳлѳнованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Момбеков айыл Ѳкмѳтүнүн орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Б. Раманкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Менчик мал багарлардын 2019-жылга карата кызмат акысы тѳмѳндѳгүдѳй болуп бекитилсин :
1) Кара малга бир баш 300 сом
2) Кой, эчкиге бир баш 80 сом
3) Жылкыга бир баш 500 сом
(малдардын тузу, жайыттын ижара акысы ичинде)
3. Ветеринардык сервиздин малдарды эмдѳѳ үчүн кызмат акысы тѳмѳндѳгүдѳй болуп бекитилсин:
1) Кара малга бир баш 50 сом
2) Кой, эчкиге бир баш 15 сом
3) Жылкыга бир баш 50 сом
4) Тоокко бир баш 10 сом
5) Итке бир баш 100 сом (паспорт, таблетка ичинде)
4. Малдар жайлоодон келгенден кийин бекитилген баа менен мал ээлери менен эсептешүү жагы менчик мал багарларга эскертилсин.
5. Менчик мал багарлардын жана ветеринардык сервиздин малдарды эмдѳѳ үчүн бекитилген кызмат акысы боюнча маалыматты жер-жерлерде менчик мал багарларга жана айылдын тургундарына жеткирүү жагы айыл башчыларына жүктѳлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Ѳкмѳтүнүн орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Б Раманкуловго жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |