Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 24-сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 4
Ноокен районунун балансындагы Майлуу-Суу участкасындагы мамлекеттик запас жайыт жерлерди кайра кайтаруу жѳнүндѳ
Момбеков жайыт комитетинин тѳрайымы К Тѳлѳнованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Момбеков жайыт комитетинин тѳрайымы К Тѳлѳнованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Ноокен районунун аймагынан 1995-1996-жылдардагы буйруктун негизинде бѳлүнүп берилген мурдагы Майлуу-Суу участкасындагы жайыт жерлер Ноокен районуна кайтарылып берилсин.
3. Ноокен районунун элинин малынын башы кѳбѳйгѳнүнүн натыйжасында мурдагы жер ээлерине, Ноокен районундагы айыл ѳкмѳттѳргѳ кайтарылып берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Момбеков жайыт комитетинин тѳрайымы К Тѳлѳновага жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |