Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 24-сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 5
Момбеков айыл аймагынын Таштак участкасынан АРИС тарабынан курулуучу ветеринардык сервис үчүн жер аянтын ажыратып берүү жана долбоордун ѳздүк салымын каржылоо жѳнүндѳ
Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн орун басардын убактылуу милдетин аткаруучу
Б Раманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 24-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн орун басардын убактылуу милдетин аткаруучу Б Раманкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл аймагынын Таштак участкасынан АРИС тарабынан курулуучу ветеринардык сервис үчүн 0,06 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. АРИС тарабынан берилүүчү долбоорду даярдоо үчүн айыл аймагынын Таштак участкасына ветеринардык сервис куруу долбоору жактырылсын жана долбоорду даярдоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т Эгембердиевге жүктѳлсүн.
4. АРИС тарабынан берилүүчү долбоордун ѳздүк салымы үчүн айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин үнѳмдѳлгѳн кошумча кирешеден долбоордук сметага ылайык 25 % акча каражаты ажыратылып берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана орун басардын убактылуу милдетин аткаруучу Б Раманкуловго жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |