Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 24-сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 7
Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн жер фондун инвентаризациялоонун жыйынтыгын чыгаруу жѳнүндѳ
Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн жер фондун инвентариязациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) материалдарын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн жер фондун инвентариязациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) жыйынтык материалдары бекитилсин.
2. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 31-январындагы №21-б-буйругу менен түзүлгѳн райондук комиссияга айыл ѳкмѳтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, бекитүү үчүн райондук мамлекеттик администрациясына киргизүү суралсын.
3. Райондук мамлекеттик администрацмясынан айыл ѳкмѳтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жыйынтыктарын бекитип берүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |