Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 24-сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 8
Курулуш айылынын тургуну Алиев Момунжан Анаркуловичке Момбеков айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу жѳнүндѳ
Алиев Момунжан Анаркуловичтин айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык ѳсүп-ѳнүгүүсүнѳ кошкон зор салымын эске алып, айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж Субанованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «2018-жыл Региондорду ѳнүктүрүү жылынын» алкагында келечек муундарга таалим, тарбия, билим алуусу, алардын толук кандуу мектепке чейинки даярдыктарды кѳрүүсүнѳ шарт түзүп менен айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык ѳсүп-ѳнүгүүсүнѳ кошкон зор салымы үчүн Курулуш айылынын тургуну Алиев Момунжан Анаркуловичке Момбеков айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж Субановага жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |