Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII чакырылышынын 10- сессиясы
2018-жылдын 08-декабры № 2
Айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа алуу жөнүндө
Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Раимбеков Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынсын.
2. Аныкталган токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Раимбековко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча № 1 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Молдогазиев |