Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII чакырылышынын 11- сессиясы
2019-жылдын 25-январы № 5
Жергиликтүү салыктын түрлөрүнүн коэффицентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын октябрь айынын 17деги № 231 “Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун жана Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүн иш жүзүнө ашыруу максатында
Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 08-январынан баштап, Семеновка айыл аймагында төмөндөгүдөй жергиликтүү салыктын түрлөрү киргизилсин:
- айыл чарба багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
- короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн
- мүлк салыгы 1-2-3 тобу
2. К.З. Зоналдык коэффиценти төмөндөгүдөй бекитилсин:
- айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына-1,2;
- короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы-1,0
- мүлк салыгы 1-2-3 тобу мүлк объектилерине жана жер салыгынын Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин негизинде.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын
4. Аныкталган токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Раимбековко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча № 1 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Молдогазиев |