Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII чакырылышынын 13- сессиясы
2019-жылдын 07-марты № 11
Муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө
Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Раимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калинин атындагы дыйкан чарбалар ассоциациясынын балансында турган кырман “ТОК” Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилсин.
2. Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2019-жылдын февраль айынын 11деги №14 буйругу менен түзүлгөн комиссия курамы бекитилип иш алып барылсын
3. Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Раимбековко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин “ Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал , жайыт маселелери” боюнча № 2 туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Молдогазиев |