Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-апрели № 149/27-7
М.С. Капалбаевге “Кара -Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Мамбеткул Суеркулович Капалбаевге “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап чыгып,Кара-Көлшаардык кеңешинин мандат, регламент, укуктук маселелер боюнча жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун жана М.С.Капалбаевдин Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын эске алып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХVIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамбеткул Суеркулович Капалбаевге шаардын жогорку “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Кара-Көл шаардык мэрия жана шаардык кеңеш биргеликте шаардын даталуу күндөрүндө М.С.Капалбаевге “Кара -Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамынын күбөлүгүн, грамотасын жана төш белгисин салтанаттуу тапшырууну камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |