Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-апрели № 150/27-7
Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.02.2018-ж № 70/14-7 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 токтомунун 10-пунктунун 1-бөлүгүндөгү “2017-жылдын 1-сентябрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде калктуу пункттардын жана көчөлөрдүн аталыштарын алмаштырууну токтотуу жөнүндө” талабына ылайык, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.02.2018-жылдагы №70/14-7 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.02.2018-жылдагы №70/14-7 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |