Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-апрели № 151/27-7
Кара-Көл шаардык кеңешинин 03.11.2016-ж № 117/43-6 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кара-Көл шаарынын прокурору Ж.Асатовдун 25.03.2019-жылдагы №11/1-3-179-19 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизиндеКара-Көл шаардык кеңешинин 03.11.2016-жылдагы №117/43-6 сандуу “Кара-Көл шаарынын АТК көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу туралуу маселени угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 03.11.2016-жылдагы №117/43-6 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |