Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-апрели № 152/27-7
Шаардык бюджеттин 2018-жылдын жыйынтыгы менен бош калган, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө
Кара-Көл шаардык кеңештин “Кара-Көл шаардык бюджеттин 2018-жылдын жыйынтыгы менен бош калган, үнөм каражаттарын каржылоо жөнүндө” 28.04.18-ж. №86/16-7, “Кара-Көл шаарынын 2018-жылга шаардык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” 28.04.18-ж. №87/16-7 сандуу токтомдорун аткарууда 2018-жылдын жыйынтыгы менен шаардык бюджетте бош калган, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин шаардык кеңешке жолдогон 01.04.19-ж. №05-5/692 чыгыш сандуу катынын негизинде И.М.Еркеевдин билдирүүсүн, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун кошумча маалыматын угуп, талкуулап Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңештин 2018-жыл ичинде тиешелүү токтомдорун аткаруунун жыйынтыгы менен шаардык бюджетте бош калган, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин шаардык кеңешке жолдогон 01.04.19-ж. №05-5/692 чыгыш сандуу катынын негизинде И.М.Еркеевдин билдирүүсү, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун кошумча маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык бюджетте 2018-жылдын жыйынтыгы менен (1967,9миң сомдук атайын каражатты эске албаганда) пайда болгон 9368,2миң сомдук бош калган, үнөм каражаттын эсебинен шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин 2019-жылдын 1-январына пайда болгон 2 260,9миң сомдук кредитордук карыздарды жана 7 107,3миң сомдук бош калган, үнөм каражаттарды “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 44-беренесинин 4-пунктунун талабынын негизинде №1,2,3 тиркемелерге ылайык мыйзам чегинде каржылануусу бекитилсин жана аталган каражаттар шаардык 2019-жылдын бюджетинде эске алынып, шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин бюджетине тиешелүү тактоо (“уточнение”) киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 103-беренесинин 1,3-пунктунун талабынын негизинде шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |