Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-апрели № 153/27-7
“Кара-Көл шаарынын 2019-жылга шаардык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Бюджеттик кодекси”, “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамдарынын тиешелүү беренелеринин талаптарына ылайык “Кара-Көл шаарынын 2019-жылга шаардык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун, шаардын мэри И.М.Еркеевдин жана шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүү-маалыматтарын угуп, талкуулап Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Көл шаарынын 2019-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 19.11.18-ж. №14-2-2/13267 сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде бекитилген
91 609,2миң сомдун ордуна 97 574,3миң сомдук сумма балансташтырылып №№1,2,3,4,5 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Көл шаарынын 2019-2021-жылдарга шаардык бюджетинин негизги параметрлери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 19.11.18-ж. №14-2-2/13267 сандуу катынын негизинде №1 тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 79,88,89,103,130-беренелеринин талаптарынын негизинде шаардык бюджетти камсыз кылуу кызыкчылыгын коргоо, балансташтыруу максатында шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл боюнча башкармалыгына (Муратов Т.Т.), шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (ШММБ - Бабаканов Э.Э) жүктөлөөрү белгиленсин.
4. Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл боюнча башкармалыгы (Муратов Т.Т.) жалпы мамлекеттик салыктардын салыктык базаларынын аздыгынан түшүү, жоготууга учуроо жагдай пайда болсо (“выпадение, потерь доходов в бюджете”) эсеп-кысап анализдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн планына тактоо киргизүү боюнча иш алып баруусу, ал эми Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы (Осмонкулов Ж.Т.) “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 88-беренесинин 4-пунктунун талабынын негизинде бул маселени чечүүдөн келип чыккан өзгөртүүлөр боюнча шаардык бюджеттин киреше, чыгаша бөлүктөрүнө тактоо (“уточнение”) киргизүү сунушталсын.
5. Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.):
5.1. “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин 4-пунктунун талабына ылайык шаардык бюджеттин 2019-жылга каралган чыгымдарды каржылоону биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, соц.фондго чегерүү, тамак аш, жеңилдиктер) жана коммуналдык кызмат боюнча жүзөгө ашырылуусу, ал эми калган чыгымдарды приоритеттүүлүгүнө жараша, анын ичинде “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 85,88,130-беренелеринин талаптарына ылайык бул токтомдун №5 тиркемесиндеги шаардык мэриянын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында, же “Өнүгүү бюджетинде” каралган 17 330,8миң сомдук каражат “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 107,113-беренелеринин талабынын негизинде бюджеттик жыл ичинде бюджеттин иш жүзүндө аткарылышын талдоонун жана бюджеттик жылдын аягына чейин кирешелердин аткарылышынын күтүлүүчү баалоосунун негизинде шаардык бюджеттин балансташканын эске алуу менен жүргүзүүсү сунушталсын.
5.2. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 109-беренесинин 1,2,3-пункттарынын талабына ылайык жыл ичинде оперативдүү чечилүүчү маселелер боюнча бюджеттик мекемелердин беренелериндеги каражаттарды (корголгон беренелерден жана коммуналдык чыгымдардан сырткары) алардын өтүнүчтөрүнүн негизинде экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосунда жалпы бюджеттик каражаттардын ассигнованиелеринин чектеринде каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө бюджеттин балансташканын эске алып каржылоо, алардын бюджетине тактоо киргизүү сунушталсын, анын ичинде:
- Каржылык жылдын ичинде кайра бөлүштүрүлгөн каражаттардын жалпы көлөмү бюджеттик мекемелердин жылдык бюджеттик каражаттарынын жыйынды көлөмүнүн өлчөмүнөн 5(беш) пайызынан ашпоого тийиш экендиги белгиленсин жана аталган маселе бюджеттик комиссиянын чечиминин негизинде ишке ашырылсын.
-. Каржылык жылдын ичинде бөлүмдөн бөлүмгө жылдыруу жолу менен каржылоо бюджеттик мекемелердин сунуштарына ылайык бюджеттик комиссиянын чечиминин негизинде ишке ашырылсын.
- Шаардык бюджетти аткаруу процессинде шаардык мэрия жана Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы шаардык мэриянын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында, же “Өнүгүү бюджетине” бекитилген каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуксуз экендиги белгиленсин.
5.3. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 51-беренесинин талабына ылайык республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге (шаардык мэриянын муниципалдык менчигинде турган объектилерди эске албаганда) шаардык бюджеттен каражат бөлүүгө жана каржылоого жол бербөө сунушталсын.
5.4. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 44-беренесинин 4-пунктунун талабына ылайык пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу белгиленип, айдын, кварталдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча жыйналган каражаттарды кийинки айдын, кварталдын пландуу чыгымдарына каржылоо сунушталсын.
6. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 110-беренесинин талабына ылайык 2019-жылдын 1-январына шаардык бюджет боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 150,0миң сом суммасында белгиленсин.
7. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 24-беренесинин талабына ылайык жалпы шаардык бюджеттин чыгымдарынын (атайын каражатсыз) 90 094,3миң сомдук көлөмүнүн 0,8 (нөл бүтүн ондон сегиз) пайызы, же 720,7миң сом өлчөмүндө шаардык мэриянын резервдик фонду болуп бекитилсин жана аталган каражат бул токтомдун 5-пунктунун 5.1.-подпунктундагы талаптын аткарылышына жана жалпы шаардык бюджеттин кассалык чыгымынын көлөмүнө жараша шаардык мэриянын тиешелүү буйруктарына ылайык каржылануусу белгиленсин жана бул пункттун талаптарын аткаруу жоопкерчилиги шаардык мэрияга (Еркеев И.М.) жүктөлсүн.
8. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 131-беренесинин 3-пунктунун талабына ылайык бирдиктүү казыналык эсептен тышкары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелерди түзүүнүн жана пайдалануунун фактылары табылган учурда көрсөтүлгөн кирешелердин суммасы шаардык бюджеттин кирешесине кошуп эсептөөгө жатаары белгиленсин.
9. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 130-беренесинин 2-пунктунун талабына ылайык бюджеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик алышаары жана бюджеттик мекемелердин бюджеттик каражаттарды сарптоо үчүн жоопкерчиликтүү болгон кызмат адамдары каржылык тартипти бузган жана кызматтык милдеттерин аткарбаган учурда, анын ичинде бюджеттик каражаттарды максаттуу, мыйзамдуу сарпталышына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартышаары белгиленсин.
10. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 130-беренесинин 1-пунктунун талабына ылайык шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн бюджеттин балансташканын эске алуу менен каржыланышы жана аткарылышы Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын (Осмонкулов Ж.Т.) түздөн-түз жоопкерчилигинде экендиги белгиленсин.
11. Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдын 2-бөлүм 10-беренесинин, “Калкты жана аймакты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо жөнүндө” Мыйзамдын 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 18-беренесинин 22-пунктунун талабынын негизинде өзгөчө кырдаал учурунда алардын кесепеттерин жоюуу максатында ШММБнын “Транспорттук кызмат көрсөтүү” беренесинде 200,0миң сом “кол тийбес запас” катары кармалуусу жана аталган каражатты өзгөчө кырдаалдар учурунда атайын түзүлгөн комиссиянын корутунду-чечиминин негизинде мэриянын буйругуна ылайык каржылоо сунушталсын.
12. “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамдын 15-беренесинин талабына ылайык ушул жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылынган чыгымдар “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 4-беренесинин 2-пунктунун талабынын негизинде кийинки жылдык бюджетте бюджеттин акыбалына жараша каралаары белгиленсин.
13. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 115-беренесинин талаптарынын негизинде ушул токтомго бюджеттик жылдын ичинде экиден ашык эмес өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн: биринчиси - учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнуна чейин, экинчиси - 1-ноябрына чейин экендиги белгиленсин.
14. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 79-беренесинин 3-подпунктунун талабына ылайык Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы (Осмонкулов Ж.Т.), мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл боюнча башкармалыгы (Муратов Т.Т.), ШММБгы (Бабаканов Э.Э.) тарабынан даярдалган шаардык бюджеттин аткарылышы боюнча алты айлык жана жылдык отчетторду шаардык мэрия (Еркеев И.М.) шаардык кеңешке өз убагында тапшыруусу сунушталсын.
15. Бул токтомду шаардык кеңештин аппараты (Нурматова К.И.) жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге жеткирүүсү милдеттендирилсин.
16. Бул токтомдун аткарылышы “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 103-беренесинин 1,2-пунктунун талабынын негизинде шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл боюнча башкармалыгына (Муратов Т.Т.) жана Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |