Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-апрели № 155/27-7
Кара-Көл шаарынын 1-вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын кайрылуусу жөнүндө
Кара-Көл шаарынын 1-вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын 06.04.2019-жылдагы №05-22/815 сандуу катындагы, “Кыргыз-Буурчагы” ЖЧКсынын директору М.С.Сейдылдаевдин кайрылуусун, Кара-Көл шаарынын прокурору Ж.Асатовдун 18.03.2019-жылдагы №11/1-1-151-19 сандуу сунушун, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципиалдык менчик жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаардык кеңешинин 09.09.2015-жылдагы №79/21-6 сандуу токтомун аткаруу максатында шаардык мэриянын 19.10.2015-жылдагы №454-б сандуу буйругу жана ШММБгы менен “Кыргыз-Буурчагы” ЖЧКнын ортосундагы 20.10.2015-жылдагы №90 сандуу келишими түзүлгөн. Келишимге ылайык таза суу түтүкчөлөрүнүн алмаштыруу иштери башталып, 2016-жылдын 6-майына чейин “Кыргыз-Буурчагы” ЖЧКсы тарабынан 7000 метр узундуктагы эски суу түтүкчөлөрү казып алынып, ордуна жаңы суу түтүкчөлөрү коюлган.
Кара-Көл шаардык прокуратурасынын 29.03.2016-жылдагы №11/1-3-55-16 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 06.05.2016-жылдагы №85/28-6 сандуу токтому менен Кара-Көл шаардык кеңешинин 09.09.2015-жылдагы №79/21-6 сандуу токтому жана келишимдер жокко чыгарылган. Ошондуктан жумуштар аягына чыгарылбай калган. Кетмен-Төбө шаарчасынын эли ичүүчү таза суусу жок кыйналып келүүдө. Кетмен-Төбө элин таза суу менен камсыз кылуу приоритеттүү маселелердин бири. Кара-Көл шаарынын бюджетиин тартыштыгынан бүгүнкү күнгө чейин суу түтүкчөлөрүн алмаштырууга мүмкүнчүлүк жок болууда.
Ошондуктан, Кетмен-Төбө шаарчасынын элин ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча башка жолдорду издөө зарылчылыгы турат.
Жогорудагы айтылгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын, Кара-Көл шаардык кеңешинин 21.06.2017-жылдагы №32/6-7 сандуу токтому менен бекитилген “Убактылуу жумушчу комиссиянын” чечимдерин, Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесин жетекчиликке алып, Кетмен-Төбө шаарчасынын элин ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө шаарчасынын элин ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн жер астында жаткан темир түтүкчөлөрдү алмаштыруу иштерин аягына чыгарууга макулдук берилсин.
2. Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы, шаардык мэрия менен биргеликте Кетмен-Төбө шаарчасынын элин таза суу менен камсыз кылуучу жер астындагы алмаштырылбай калган эски темир түтүкчөлөрдү жаңы темир түтүкчөлөргө алмаштыруу боюнча иштерди улантуу үчүн иш алып баруучу “Кыргыз-Буурчагы” ЖЧКсы менен мыйзам чегинде келишим түзсүн. Жаңы муздак суу түтүкчөлөрү коюлуп, бүткөрүлгөн жумушту кабыл алуу актысы түзүлгөндөн кийин гана казып алынган эски муздак суу түтүкчөлөрүн жумуш аткаруучуга кызмат акысынын ордуна берүүгө макулдук берилсин.
3. Кара-Көл шаарынын мэрине (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Э.Э.Бабаканов) шаардык бюджеттен каражат сурабай Кетмен-Төбө шаарасынын элин таза суу менен камсыз кылуу иштерин бүтүрүү милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов), Кетмен-Төбө айылдык аймактык башкармалыгына (С.Ж. Ниязалиев) ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |