Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-апрели № 156/27-7
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин кайрылуусу жөнүндө
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 08.04.2019-жылдагы №05-22/829 сандуу катындагы, Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кара-Көл шаардык башкармалыгынын жер балансында сугат айдоо аянты катары мамлекеттин менчигине катталып калган Кара-Көл шаарынын Канат көчөсүндөгү 22,0 га жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндөгү сунушун, Кара-Көлшаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХVII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаарынын 1979-жылдагы башкы планы кайра иштелип чыгып, шаардык мэриянын 2013-жылдын 27-сентябрындагы №83 токтому менен шаардын жаңы башкы планы бекитилген. Шаардын бекитилген башкы планында аталган жер тилкесине мектеп, бала бакча жана башка социалдык обьектилер куруу каралган. Жер кодексинин 13-главасынын 76-беренеснин 1-бөлүгүндө “Калктуу конуштун чегиндеги бардык жерлер калктуу конуштун жерлерине кирет”,–деп белгиленген. Кара-Көл шаарынын Канат көчөсүндөгү 22,0 га жер тилкеси да калктуу конуш категориясына кирет. Шаар ичинде айыл чарба багытындагы жерлер болбошу керек.
Кара-Көл шаарынын Канат көчөсүндөгү 22,0га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жогорудагы аталган беренелерине жана Кара-Көл шаардык мэриясынын 2013-жылдын 27-сентябрындагы №83 токтому менен бекитилген Кара-Көл шаарынын башкы планына ылайык келтирүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 31.07.2009-жылдагы №257 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренсинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кара-Көл шаарынын Канат көчөсүндөгү 22,0 га жер тилкесине мораторий жайылтылбаганын эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын Канат көчөсүндө жайгашкан калктуу конуш категориясындагы 22,0га жер аянтын мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кара-Көл шаардык башкармалыгы ( Г.Р.Сооронбаева) жер баланс отчетуна өзгөртүү киргизүү жүктөлсүн.
3. Кара-Көл шаардык мэрия (И.М.Еркеев), жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кара-Көл шаардык башкармалыгы (Г.Р.Сооронбаева), Кара-Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы (Б.С.Ызаков) Кара-Көл шаарынын башкы планынын талаптарын так сакташсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов), Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кара-Көл шаардык башкармалыгы (Г.Р.Сооронбаева), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |