Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 1
Көк-Ирим айылдык кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамынын 26-беренесинин, 1-бөлүмүнүн, 1-бөлүмчөсүнө ылайык, Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Көк-Ирим Кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын Көк-Ирим айылдык Кеңешинин токтомдору мындан ары мамлекеттик тилде (кыргыз тилинде) гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Токтом расмий жарыялангандан кийин, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Көк-Ирим айыл аймагынын жооптуу катчысы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Н. Молдалиевке тапшырылсын.
Төрага | Б. Касымкулов |