Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы
2016-жылдын 27-апрели № 2
Көк-Ирим айылдык Кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги I I сессиясы регламенттин долбоорун талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2014-жылдагы кабыл алынган регламенти өзгөртүулөр,толуктоолор менен кайрадан кабыл алынсын.
2. Кабыл алынган токтом, тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Аталган токтом тиркемеси менен расмий жарыялангандан кийин, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Көк-Ирим айыл аймагынын жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Топоев |