Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы
2016-жылдын 27-апрели № 1
Көк- Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарын жана туруктуу комиссияларын кайра шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары С.Абдырахманова өз арызынын негизинде орун басарлыктан баш тарткандыгына байланыштуу төраганын орун басарлыгына Э.Апыкеев шайлансын.
2. Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары кайрадан түзүлсүн жана төрагалары, катчылары шайлансын.
-Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссия түзүлсүн жана төрагалыгына Н.Борончиев, катчылыгына С.Абдырахманова шайлансын
-Жергиликтүу өз алдынча башкарууну өнүктүрүү , жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия түзүлсүн жана төрагалыгына М.Мурзакимов, катчылыгына А.Асаналиева шайлансын.
-Бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык
байланыш, архитектура, курулуш, тарнспорт жана экология боюнча комиссия түзүлсүн
жана төрагалыгына Ө.Чоялиев, катчылыгына К.Айдаралиев шайлансын.
3. Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарын жана туруктуу комиссияларынын шайланышы массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап юридикалык күчкө ээ болот.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Төрага | С.Топоев |