Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы
2016-жылдын 27-апрели № 3
Көк-Ирим айыл аймагында жазгы айдап – себүү , көчүп-конуу жана жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Көк-Ирим айыл аймагында жазгы айдап- себүү иштери өз убагында колго алынсын жана техниканы пайдаланууда төмөндөгү баалар бекитилсин.
- Айдап себүүгө 1га 1000 (миң) сом акча 25 литр май;
- Сеялка үчүн 1га 400 (төрт жүз) сом акча 10 литр май;
-Малалоо үчүн 1га 400 (төрт жүз) сом акча 10 литр май;
Жалпы 1 гектарга кетүүчү чыгым 1800 (миң сегиз жүз) сом , 45 (кырк беш) литр май керектелээри менчик ээлерине түшүндүрүү менен иш алып барылсын жана патент алуу жагы эскертилсин.
2. Айыл аймагында айдоо аянттарында корук уюштуруу иштери 1-майдан башталсын жана бадачыларга ички, сырткы жайыттарга 5-майга чейин көчүү жагы милдеттендирилсин.
Эгерде корук мезгилинде айдоо аянттарына, чөп чабындыларга мал түшсө келтирилген чыгым мыйзам чегинде атайын түзүлгөн комиссия тарабынан эсептелинип мал ээсинен же бадачыдан өндүрүлөрү, камалган малдан чыгым болсо жоопкерчиликти мал ээси тартаары белгиленсин.
3. Алыскы жайыттарга көчүү 10-майдан, ал эми кайтып келүү 1-октябрга белгиленсин,Белгиленген убактан кеч кетсе же эрте келсе малчыга 5000 (беш миң) сом айып салынаары бадачыга тааныштыруу менен эскертилсин.
4.Көк-Ирим айыл аймагында бадачыга мал баккан акысы үчүн төмөндөгүдөй баада бекитилгани жана ар бир ашыкча салынган сом үчүн чара көрүлөрү, патент киргизүү жагы каралаары эскертилсин.
- Бир баш бодо малга 300 (үч жүз) сом
- Бир баш кой-эчкиге 50 (элүү) сом
5. Айлана чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү – жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу максатында иш чаралары бекитилсин. Бекитилген иш чаралар боюнча жооптуу кызматкерлер С.Мурзабеков, У.Шырдакбеков өз убагында маалымат беришсин.
6. Эгерде жарандардын өзүнө тийешелүү жери тазаланбаса, арыктары чабылбаса жана таштандылары чыгарылбаса 500 сом айып салынсын.
7. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап юридикалык күчкө ээ болот.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматын убактылуу аткаруучу С.Борончиевке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Н.Борончиевке тапшырылсын.
Төрага | С.Топоев |