Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы
2016-жылдын 27-апрели № 5
Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Кан-Ачуу жаратылыштык паркынын мекемесин Арал айылындагы М.Жунушалиев атындагы маданият үйүндө ачуу жөнүндө
Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин III шайланган депутаттарынын XX кезектеги сессиясынын 17.10.2014-жылдагы №1 токтомунун жана 17.10.2014-жылдагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын №94-б буйругунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кан-Ачуу жаратылыштык паркынын мекемеси Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылындагы М.Жунушалиев атындагы маданият үйүндө жайгаштырылсын жана Кан-Ачуу жаратылыштык паркынын кызматкери жана жумушчулары Көк-Ирим айыл аймагынын тургундарынан алынсын.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап юридикалык күчкө ээ болот.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматын убактылуу аткаруучу С.Борончиевке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Н.Борончиевке тапшырылсын.
Төрага | С.Топоев |