Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV шайланган депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
2016-жылдын 26-майы № 1
Көк-Ирим айыл аймагында 2016-жылдын 27-май күнү өтө турган «Тарых жана маданият жылына карата «Өзгөртпөй улут уңгусун, өзүңдү тааны кыргызым»аттуу жаш акындардын айтыш концертин колдоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылындагы М. Жунушалиев атындагы маданият үйүндө 27-май күнү саат 18-00до өтө турган «Өзгөртпөй улут уңгусун, өзүңдү тааны кыргызым» аталыштагы жаш акындардын концертине колдоо көрсөтүү максатында аппараттын ар кандай чыгымдарынын эсебинен 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Концертти колдоого керектелүүчү акча каражатын жергиликтүү бюджеттен эсептеп жана накталай алып берүү жагы ФЭБ башчысы Өскөнбай уулу Сүйүндүккө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экологиялык байланыш, архитектура , курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Топоев |