Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV шайланган депутаттарынын кезектеги VI сессиясы
2016-жылдын 28-июну № 1
Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга өнүктүрүү саясат институтунан атайын каражатка түшкөн кошумча сметасын түзүү боюнча
Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтү 2015-жылдын июль айында Агенттик жана Хельветас Свисс Интеркооперейшн Ассоциясынын филиалы Өнүктүрүү саясат институту менен Консорциумда ишке ашырган «Жергиликтүү деӊгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» боюнча техникалык жардам көрсөтүүгө гранттык макулдашуу жана долбоору ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлуп, ошонун негизинде айыл өкмөткө семинар өткөрүү боюнча алдын ала төлөм атайын каражатка 25.05.2016-жылда Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнө атайын эсепке түшкөн акча каражатын контрольдук цифранын негизинде айылдык Кеӊештин «Пландоо-бюджет боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгып» 2016-жылдын II кварталындагы атайын каражатка түшкөн кошумча сметасын түзүлүшү жөнүндөгү финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Өскөнбай уулу Сүйүндүктүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көк-Ирим айылдык Кеӊешинин (IV шайланышынын) кезексиз чакырылган VI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн 2016-жылга атайын каражатка түшкөн кошумча кирешелер боюнча 63,2 миӊ сом суммасында жана чыгашалар боюнча 63,2 миӊ сом суммасында №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык Кеӊештин «Пландоо-бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
Төрага | С.Топоев |