Загрузка документа…
КѲК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-августу № 1
Кан-Ачуу жаратылыш паркынын имаратынынкурулушуна жер аянтын бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы Рысалиев кѳчѳсʏндѳгʏ Казакбаев Бакыттын кʏн чыгыш тарабындагы, Рысалиев кѳчѳсʏнʏн тʏштʏк тарабындагы балдар волейбол ойноочу 0,50 га жер аянты, Кан-Ачуу жаратылыш паркынын имаратынын курулушуна бѳлʏнʏп берилсин.
2. Бѳлʏнʏп берилген жер участогун мыйзамдаштыруу жагы Генпландын негизинде Тогуз-Торо райондук архитектура бѳлʏмʏнѳн жана Тогуз-Торо райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мʏлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кѳк-Ирим айыл аймагынын айыл ѳкмѳтʏнʏн башчысы К. Эпеевке жана Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Ɵ. Чоялиевке тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |