Загрузка документа…
КѲК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV шайланган депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2016-жылдын 11-августу №3
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле 2015-жылдагы жергиликтүү коомчулугунун Уставын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАМ
1. Бул чечимге карата тиркемеге ылайык, Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси бекитилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик жана расмий тилдерде «Жеңиш-Туусу» басылмасында, райондук администрациянын Интернет тармагындагы расмий сайтында жарыялансын.
3. Бул токтом расмий жарыялагандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | С. Топоев |
№ | Жерги-ликтүү кеңеш-тин VIII сессиясынын №3 чечими менен бекитилди
|
Кызматтар-дын аталыштары |
Кызматтарды стандартташты-рууга жооптуу органдын аты |
Муниципалдык кызматты ишке ашыруучунун аты |
Кызматты көрсөтүү шарттары (акылуулук же акысыздык) | |||
Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтү | ||||||||
1. |
| Спорт мелдештеринин катышуучуларынын транспорт чыгымдарын төлөп берүү же камсыз кылуу; | Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз | |||
2. |
| Үй-бүлөө курамы жана жашагандыгы тууралуу , мүлктүн, малдын бар-жогу тууралуу; жер үлүш тууралуу; уйгө тиешелүү жери тууралуу; башка кыймылсыз мүлк боюнча жана техника боюнча чарба китептеги маалыматтын негизинде маалымдама берүү; | Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз | |||
3. |
| Мал арасында жугуштуу оорулар таркабоонун алдын алуу (түшүндүрмө иштери, вакциналоо); | Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз | |||
4. |
| Аз камсыздалган уй-булоонун мектепке окуган балдарынын ар кандай мелдештерге катышып келуусу учун керек болгон учурда транспоттук чыгымдарын жарым-жартылай толоп беруу. | Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз | |||
5. |
| Аз камсыз үй-бүлөөлөрдөгү балдарга жайкы «Кара-Алма» эс алуу лагерлерине жолдомолор менен камсыздоо, кезектөө шарты менен жана мектепте окуусунан жетишкендиктери эске алынсын (жалаң беш баасына окугандарга биринчи кезекте, андан кийин негизги кезек менен); | Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз | |||
6. |
| Короо-жай (там арка) жерлердин жана жер улуштордун коншулар ортосунда чек араларын аныктоо | Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз | |||
7. |
| Жакыр уй-було экендиги жонундо аныктама беруу | Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз | |||
8. |
| Тоголок жетим балдарга жогорку окуу жайларда билим алууда окуусуна арызынын негизинде акчалай жардам берүү | Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз | |||
9. |
| Кургак учук менен ооруган жарандарга область аймагында дарыланууга барууда жол киресин толоп беруу | Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз | |||
10. |
| Афган, Баткен коогаланынын ардагерлерине жылына бир жолу материалдык жардам корсотуу
| Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз | |||