Загрузка документа…
КѲК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV шайланган депутаттарынын кезектеги VIII сессиясынын
2016-жылдын 11-августу № 4
Көк-Ирим айыл аймагындагы социалдык жактан муктаж адамдарга жардам берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагындагы социалдык жактан муктаж Арал айылынын тургуну Далбаева Зинатка жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 000 (Υч миӊ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын карап берүү жагы ФЭБ башчысы Өскөнбай уулу Сүйүндүккө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |