Загрузка документа…
КѲК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV шайланган депутаттарынын кезектеги VIII сессиясынын
2016-жылдын 11-августу № 5
Гон-Конг шаарында өтө турган Азия Чемпионатына жолдомо алган Арал айылынын тургуну Атайбек уулу Келдибектин кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гон-Конг шаарында өтө турган Бодибилдинг жана Бодифитнес боюнча Азия Чемпионатына жолдомо алган Арал айылынын тургуну Атайбек уулу Келдибекти колдоо ирээтинде ар кандай чыгымдардын эсебинен 10 000 (Он миӊ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын карап берүү жагы ФЭБ башчысы Өскөнбай уулу Сүйүндүккө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Көчкөнбай уулу Айдарга тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |