Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-декабры № 162/26-7
“Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 09.02.2017-жылдагы №4/1-7 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесинин 1-2-3-5-пункттарына, Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 5-бапынын 5.2.бөлүмүнө ылайык, ДепутаттардынТалас шаардык кенешинин КСДП фракциясынын сунушунун негизинде, Талас шаардык кеңешинин 09.02.2017-жылдагы №4/1-7 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курамы 5 депутаттан турган ДепутаттардынТалас шаардык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын сапаттык курамына төмөндөгүдөй курамда өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Байгараев Рустам Сатыбекович Республика фракциясынан
2. Султаналиев Нурбек Тургунбаевич КСДП фракциясынан
3. Багышбеков Бузурман Кожомуратович КСДП фракциясынан
4. Кутманов Бактыбек Курманбекович Кыргызстан фракциясынан
5. Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевич Республика фракциясынан
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |