Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-декабры № 159/26-7
“Талас шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын эсебиндеги акча каражаттары жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 17.11.2018-жылдагы №01-6/1686 чыгыш сандуу катынын жана Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушунун негизинде, Талас райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы 2018-жылдын 1-октябрынан тартып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июлундагы № 276 сандуу токтому менен республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу даталуу күндөргө карата шаардык деңгээлде өткөрүлүүчү иш чараларга каралган акча каражаттарын Талас шаардык мэриясынын эсебине которуу жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын даталуу күндөргө карата шаардык деңгээлде өткөрүлүүчү төмөндөгү иш чараларына: 30-ноябрь-Чернобыль АЭ станциясында саркофакты куруп бүтүү күнүнө карата-32,8 миң сом, 3-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата -70,0 миң сом, Аз камсыз үйбүлөлөрдүн балдары үчүн жаны жылдык майрам уюштурууга 20,0 миң сом жалпы 122,8 миң сом акча каражаты Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын эсебине которууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду аткаруу жана Талас шаарында даталуу күндөргө карата белгиленген иш чараларды тиешелүү денгээлде өткөрүү боюнча көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын вице мэрине (А.Күрүчбекова) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенештин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |