Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-декабры № 164/27-7
“Талас шаарынын 2018-2022-жылдарга социалдык –экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, 41-беренесинин 1-бөлүмүнүнүн 3-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 12.12.2018-жылдагы №01-3/1816 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |