Редакцияот 13.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы кезексиз XXVII сессиясы

2018-жылдын 13-декабры № 165/27-7

“Талас шаарында орнотулган жарыктандыруу карагайларын Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын реестрине киргизүү жана чарба жүргүзүү келишиминин негизинде коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына өткөрүүгө макулдук жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 16.12.2018-жылдын 01-4/1788 сандуу катынын негизинде, Талас шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана көчөлөрдүн түнкү жарыктандыруусун камсыздоо багытында Талас облустук “Бакубат” фондусу тарабынан каржыланган жарыктандыруу карагайларын Талас шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын реестрине киргизүү жана чарба жүргүзүү келишиминин негизинде Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Талас шаарында Нуржанов аллеясындагы 100 Вт 43 даана, Бердике баатыр көчөсүндө 100 Вт. 50 даана, Талас шаарынын борбордук паркындагы 50 Вт. 95 даана жана 100 Вт. 18 даана баардыгы 113 даана жалпы жарыктандыруу карагайларын Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын реестрине киргизилүүгө жана чарба жүргүзүү келишиминин негизинде Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына өткөрүүгө макулдук берилсин.

2.    Талас шаарынын муниципалдык обьектилердин реестрине киргизүү жана чарба жүргүзүү келишиминин негизинде Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу жагы Талас шаардык менчик башкармалыгына(М.Долдоев) милдеттендирилсин.

3.    Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын биринчи вице-мэрине (Курманалиев Д.С.) милдеттендирилсин.

4.    Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенештин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.

5.    Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С.) тапшырылсын.

 

Төрага

М.Есенкулов