Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-декабры № 1
“ Cакалды айыл өкмөтүнүн алдыңкы кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып ,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жыл Кыргыз Республикасынын Региондорду өнүктүрүү жылында айылдын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө түздөн түз катышкан жана кызматтык милдеттерине ылайык салымын кошкон Сакалды айыл өкмөтүнүн алдынкы кызматкерлерине жылдын жыйынтыгы менен материалдык колдоо көрсөтүлсүн.Бул максатта Сакалды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 200000(эки жүз миң) сом каражат ажыратылсын.
2. Аталган каражатты мыйзамда тыюу салынбаган булактардан камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы А.Турганбаевага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн .
Төрага | Д.Бекназаров |