Редакцияот 22.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2018-жылдын 22-декабры № 2

“Cакалды айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып ,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сакалды айыл өкмөтүнө сатылып алынып жаткан кызматтык автоунаага жетишсиз болгон 70000 (жетимиш миң) сом каражатты аппараттын 2215 стаьясынан 3112 статьсына жылдырууга уруксат берилсин.

2. Теңдөөчү гранттын корголуучу статья чыгымдарынан үнөмдөлгөн каражатка айыл өкмөттүн зарыл эмеректерин сатып алууга уруксат берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сакалды айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

Төрага

Д.Бекназаров