Загрузка документа…
ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № 2
«Орток айыл аймагындагы Оорук-Там айылындагы А.Алсеитов орто мектебин капиталдык ремонтуна өздүк салым катары бюджеттин эсебиндеги каражаттан 2018-жылдын планына ылайык каражат бөлүү жөнүндө”
Орток айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орток айыл аймагындагы Оорук-Там айылындагы А.Алсеитов орто мектебин капиталдык ремонтуна жалпы баасы 3559516 ( үч миллион беш жүз элүү тогуз миң беш жүз он алты ) сомдук долбоор жактырылсын.
2. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Оорук-Там айылындагы А.Алсеитов орто мектебинин капиталдык ремонтуна өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 847504 ( сегиз жүз кырк жети миң беш жүз төрт) сом каражаты, 2018-жылдын бюджетинен бөлүп берүү сунушталсын.
3. Ушул токтомдун 2-пунктундагы каражат 2018-жылдын калдыгынан (свободный остаток) каралсын.
4. Токтомду Ortok. naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Өмүрзаковго млдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сеңирбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К.Субанбеков |