Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-декабры № 2
“Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2019-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө”
Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2019-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо максатында
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 2 998 620 (эки миллион тогуз жүз токсон сегиз миң алты жүз жыйырма) сомду түзгөн Казан-Куйган айыл аймагындагы № 4 ҮДТнун имаратын толук капиталдык ремонттон өткөрүү долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары Казан-Куйган айыл аймагынын бюджетинен 449 793 (төрт жүз кырк тогуз миң жети жүз токсон үч) сом бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы З.Эсенгуловго жана башкы эсепчи А.Шалтаевага милдеттендирилсин.
Төрага | М.Шалтаев |