Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-декабры № 3
“Казан-Куйган айылындагы мечит салынбай калгандыгына байланыштуу, мечиттин ордун балдар ойноочу аянтчасын салуу үчүн жер аянтын которуп берүү жөнүндө”
Казан-Куйган айылына мечит салуу милдетин алган демөөрчүлөр курулушка уруксаат берилүүчү документтерин бүтүрбөй койгондугуна байланыштуу, мечиттин ордун балдар ойноочу аянтчасын салуу үчүн жер аянтын которуп берүү максатында
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 23-майындагы №1 токтому жокко чыгарылсын.
2. Казан-Куйган айылында мечит салынбай калгандыгына байланыштуу, мечит салуу үчүн берилген 0,10га жер аянтын, балдар ойноочу аянтчасын салуу үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы З.Эсенгуловго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Шалтаев |