Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-июну № 34
«Улахол айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган МТЗ-82 жана оор жүк ташуучу HOWO авто унааларынын мындан аркы иштеүү жөнүндө»
Улахол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эсенгелдиевтин маалыматын угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эсенгелдиевтин маалыматы кабыл алынсын.
2. HOWO авто унаасын 2018-жылдын октябрь айына чейин ремонтуна кеткен чыгымдарын жабуу үчүн К.Жумабековко берилсин, 2018-жылдын октябрь айынан жыл аягына чейин айына 20000сомдон төлөнсүн, салыктын түрлөрү боюнча төлөө К.Жумабековко милдеттендирилсин. 2019-жылы кайра келишим түзүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. МТЗ-82 трактору төрт жылга келишимдик негизде берилсин.
4.Ушул токтомду аткаруу жагы Улахол айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Б.Эсенгелдиевке милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык Кеңешинин төрагасы Т. Ашымовго жүктөлсүн
Төрага | Т.Ашымов |
Катчы | И.Жээнтаев |