Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын - 30 - октябры № 50
«Улахол айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адисинин салык ставкаларын жогорулатуу боюнча билдирүүсү жөнүндө»
Улахол айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адисинин салык ставкаларын жогорулатуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Улахол айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адисинин салык ставкаларын жогорулатуу боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. Улахол айыл аймагында салык ставкаларын көтөрүүгө макулдук берилбесин. Кирешени көбөйтүүнүн башка жолдорун издөөжагы айыл аймактын өкмөтүнө сунушталсын.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык Кеңешинин төрагасы Т. Ашымовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Ашымов |
Катчы | И.Жээнтаев |