Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7- декабры № 54
“Улахол айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комисссиясын түзүү жөнүндө”
Депутаттардын Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комисссиялары тууралуу типтүү жобо кабыл алынсын.
2. Улахол айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комисссиясы түзүлсүн, анын курамы 7 кишиден болсун. (Тиркеме-1)
3. Комиссия 2019-жылдын 1 - январынан баштап ишке киришсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырабыз.
Төрага | Т.Ашымов |
катчысы: И.Жээнтаев
Улахол айылдык кеӊешинин
« 7 » декабрь 2018-жыл
№ 54- токтому менен бекитилген.
Тиркеме №1а
Улахол айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары-Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын (мындан ары-Комиссия) түзүүнүн жана анын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо,анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин,башка ченемдик укуктук актылырын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеӊешке киргизет
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджеттен каралган каражаттын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссия түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 7 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
- жергиликтүү кеңештин депутаттары;
- муниципалдык кызматчылар;
-айыл аймактын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүу жамааттын өкүлдөру (макулдашуу боюнча).
Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен,ал эми Комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрү ичинен дайындалат.
10. Жарандык коомдун жана жергиликүу жамааттын өкүлдорүнөн 21 жашка толгон ,атайын орто, же жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны мүчөсү боло алат .
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:
-соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
-соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттуулугу бар;
-акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу(жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
-медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
12. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш Комиссиянын түзүу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
13. Комиссиянын мүчөлөрүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
-жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жөнүндө арыз берген учурда;
-Комисссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде:
- күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелет адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген,дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
-медициналык кортундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
- Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүучү жосун жасаган учурда;
-комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчун чыгып кеткенде;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда,Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
-жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
-жарандык коом жана жергиликүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
14. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
15. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтолушу мүмкүн.
16. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3.Комиссиянын ишинин тартиби
17. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
18. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. .Комиссиянын отурумдары зарылчыгына жараша (материалдардын түшүнө)өткөрүлөт.Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылгандай болууга тийиш.
19. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса ,Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
20. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип тушкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө,Кодексте аныкталган тартипте карайт.
21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
22. Комиисия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
23. Комиссия, бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:
а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:
1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө ;
2) туумду кошуп эсептөо жөнундө (кодекстин 29-беренеси)
3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;
б) ишти кароо Комиссиянын компененциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде,ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
24. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
25. Комиссиянын ишмердүулүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
26. Бузуу жөнүндө иштери кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
27. Комиссиянын мүчөлөрү:
Төмөндөгүлөргө милдетүү:
- Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;
- бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
- Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
- жүрүм –турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
- Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга.
Төмөндөгүлөргө укуктуу:
- бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө:
- бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүугө;
- Кодексте каралган башка укуктарга.
28. Комиссиянын төрагасы,Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары,төмөндөгүлөргө милдеттүү :
- Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
- Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
- Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
- Комиссиянын тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго),ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
- Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары,төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдарды жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүугө;
-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укукутарга.
29. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комисссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:
- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшыраларынын аткарат;
- Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
30. Комиссиянын катчысы,Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
- өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- келип тушкөн материалдарды, билдирүүлөрду жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн массалык маалымат каражаттарында ( анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
- бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
- Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
- Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет:
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
- аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
- Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
- Бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
- отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;
- Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүн бири аткарып турат.
31. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү:
-бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле кубөсүнүн, экспертин, ,адистин, котормочунун туугандары болушса;
-иштин чечилишине тике же кайыр түрдө кызыкдар болушса,алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.
5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
32. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
33. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиясын катчысы тартат.
34. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
35. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек (№3 тиркеме)
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдетүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.
36. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пул төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт,ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкун болбогондо, Комиссиянын катчысы бузу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчу жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчиси нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
37. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:
-бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар ;
-ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар,токтомдор.
Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.
38. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат.Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
39. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
40. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казыначылыктын райондук (шаардык) бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.
41. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:
- бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;
- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
- бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4 тиркеме)
42. Журналдардын барактары номурланган,көктөлгөн. мөөр менен бекитилген болууга тийиш, ,эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана,көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
43. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге сакталат.
44. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.
Улахол айылдык кеӊешинин
«7» декабрь 2018-жыл
№ 54- токтому менен бекитилген.
Тиркеме №1.
Улахол айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын
КУРАМЫ