Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2018-жылдын 3-август № 31\4
«Ак-Кыя айыл өкмөтүнө субсидия карап берүү жөнүндө»
Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу 4-этаж участкасындагы 7,85 га жер аянтын Кочкор айыл өкмөтүнүн тургундары аренда катары пайдаланып жүргөндүктөн субсидия төлөп берүү жөнүндө Кочкор айыл өкмөт башчысы Р.Б.Абакировдун сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аппаратка инвентарь алууга каралган 100,0 (жүз миң) сом акча каражатынын ичинен (ст.2222) Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу 4-этаж участкасындагы 7,85 га жер аянтына субсидияга 25,0 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Сметага өзгөртүү киргизип берүү жагы Кочкор райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж.Балкыбеков |