КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын айылдык кезексиз XXXI сессиясы
2018-жылдын 3- августу № 31/5
«Кочкор айылынын «Сейил» паркынан эстеликке жер бөлүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.К.Макеевдин жолдошу А.А.Курманбаева Кочкор айыл өкмөтүнө Кочкор айылынын «Сейил» паркына Н.К.Макеевдин эстелигин орнотууга жер участогун бөлүп берүү жөнүндө жазган арызын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.К. Макеевге Кочкор айылынын «Сейил» паркынан эстелик курууга жер тиешелүү мекемелер менен макулдашылып бөлүнүп берилсин.
2.Жер бөлүп берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан жана Кочкор райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж.Балкыбеков |