КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын айылдык кезексиз XXXI сессиясы
2018-жылдын 3- августу № 31/6
«Аткаруу жыйынына акча которуп берүү жөнүндө»
Нарын областык сот департаментинин Кочкор сот аткаруучуларына аткаруу жыйынына акча которуу маселесин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аппаратка инвентарь алууга каралган 75,0 (жетимиш миң) сом акча каражатынын ичинен (ст.2222) Нарын областык сот департаментинин Кочкор сот аткаруучуларына аткаруу жыйынына 47 701 (кырк жети миң жети жүз бир) сом акча каражаты (ст.2215) бөлүнүп берилсин.
2.Сметага өзгөртүү киргизип берүү жагы Кочкор райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж.Балкыбеков |