Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3- августу № 31/7
«Кочкор айылынын «Сейил» паркынан эстеликке жер бөлүп берүү жөнүндө»
Белгилүү окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Токоев Таалайбек Токтосуновичке Кочкор айылынын «Сейил» паркынын ичинен эстелик орнотууга жер бөлүп берүү жөнүндө түшкөн арызды карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Белгилүү окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Т.Т.Токоевге Кочкор айылынын «Сейил» паркынан эстелик курууга жер тиешелүү мекемелер менен макулдашылып бөлүнүп берилсин.
2.Жер бөлүп берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан жана Кочкор райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгын суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж.Балкыбеков |