КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
2018-жылдын 13- сентябры № 32/4
«Кочкор айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын эсеп счетуна төгүлүп калган акча каражаты жөнүндө»
Кочкор айыл өкмөтүнүн тамак аш боюнча жарыяланган тендерине катышуу үчүн 23-июнь 2017-жылы РСКбанкына төккөн акча каражаты Кочкор айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын эсеп счетуна төгүлүп калгандыгы жөнүндө Кочкор айылдык кеңешине Дүйшөналиев Дастанбектен түшкөн арызды карап, таалкулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор айыл Өкмөтүнүн атайын каражатынын эсеп счетуна (ст.2215) төгүлүп калган 13 030 (он үч миң отуз) сом акча каражаты, (ст.2215) Дүйшөналиев Дастанбекке ГОТЗ төлөө үчүн которулуп берилсин.
2.Сметага өзгөртүү киргизип берүү жагы Кочкор райондук финансы бөлүмүнөн суралсын. Сметага ылайык иш алып баруу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Г.Калыковага тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Балкыбеков |