КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы
2018-жылдын 8- октябры № 33/2
«Бөлүнгөн акча каражаттарынын багытын өзгөртүү жөнүндө»
Жайыт комитетине Арис долбооруу аркылуу алынып келинген эксковаторго өздүк
салымга, көпүрө алууга, кызматтык автомашинасына авто тетик алууга жана соттун чечимине акча каражаттарын карап берүү жөнүндөгү маселени карап, таалкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Н.Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясынын от казанына каралган (ст.3112) 350,0 сом акча каражатынын ичинен (ст.3111) 250,0 сом акча каражаты, Кочкор айыл өкмөтүнө кызматтык автомашина алууга каралган (ст.3112) 353,2 сом акча каражатынын ичинен 346,0 сом акча каражаты жалпысынан 596,2 Арис долбоору аркылуу алынган эксковаторго өздүк салым үчүн которуп берүүгө багыты өзгөртүлүп берилсин.
2. Кочкор айыл өкмөтүнүн имаратын ремонт кылууга каралган (ст.2221) 400,0 сом акча каражатынын ичинен (ст.2215) 60,0 сом акча каражаты көпүрө алууга (ст.2214) 50,0 сом акча каражаты авто тетик алууга, (ст.2823) 20,0 сом акча каражаты соттун чечимине багыты өзгөртүлүп берилсин.
3.Сметага өзгөртүү киргизип берүү жагы Кочкор райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
4.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Балкыбеков |