Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6- декабры № 35/2
“Акча каражаттарын которуу жөнүндө”
Кочкор айылдык кеңешинин кезектеги XXXV-сессиясы, Кочкор айыл өкмөтүнүн акча каражаттарынын багытын өзгөртүп берүү муктаждыгына карата бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйындар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Кочкор Тазалык муниципалдык ишканасынын эсебине (2215 –беренесинен) 2000,0 миллион сом акча каражаты, атайын каражаттын эсебинен 15,0 миң сом (2215 –беренесинен) жана атайын каражаттын эсебинен (2218-беренесинен) 441,0миң сом акча каражаты Кочкор айыл аймагына караштуу 5 бала бакчанын тамак-ашына бөлүнүп берилсин.
2.Сметага өзгөртүү киргизип берүү жагы Кочкор райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Акча каражатын которуп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Калыковага милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйындар боюнча туруктуу комиссияcына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Балкыбеков |