Редакцияот 06.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы

2018-жылдын 6- декабры № 35/3

“Кочкор айылынын “Балдар китепканасына” Каныбек Жунушевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө”

Кочкор айылдык кеңешинин кезектеги XXXV-сессиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун 24.09.2018-жылдагы №854 жана К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын 04.12.2018-жылдын №118 сунуштамаларын угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айылынын борборундагы “Балдар китепканасынына”, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыкты кызматкери жана Кочкор районунун ардактуу атуулу Каныбек Жунушевдин ысымы ыйгарылсын. 2.Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы К.Жунушевге жана Балдар китепканасынын жетекчиси Б.Исмаиловага тапшырылсын .

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Р.Абакировга милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Балкыбеков