Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 29
“Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо жөнүндө жана муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө типтүү жобо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары-Агенттик) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Покровка айылдык кеңеши
1.Покровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин (1-тиркеме).
2.Покровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө жобо бекитилсин (2-тиркеме)
3.Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго жүктөлсүн.
Төрага | М.Садыков |