Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 31
“Покровка айылдык кенешинин аксакалдар сотунун ишинин Регламентин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык кеңешинин аксакалдар сотторунун ишинин регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл аймагынын аксакалдар соту өз ишмердиги чегинде бул Регламентти жетекчилике алсын.
3. Аксакалдар сотунун ушул Регламентке ылайык иш алпарышына аткаруу жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго жүктөлсүн.
Төрага | М.Т.Садыков |