Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 33
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу”
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси,Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 6-пунктунун “б” пункчасынын экинчи абзацына ылайык,Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комисссиялары тууралуу жобосу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комисссисы төмөнкү курамда бекитилсин.
1.Ш.Султанов-комиссиянын төрагасы, айылдык кеңештин депутаты
Мүчөлөрү:
2. М.Джайчыбеков- айылдык кеңештин депутаты
3. М.Бекмурзаев- айылдык кеңештин депутаты
4. Б.Сатишев-айыл өкмөт башчысынын орун басары
5. К.Шамбеталиев-аксакалдар сотунун торагасы
6. К.Такеев- аксакалдар сотунун мүчөсү
7. Б.Ибраимов- коомдук активист
8. Г.Исмаилова-көчө комитети
9. М.Иманкулов- көчө комитети
10.З.Касымова- көчө комитети
11.Б.Бейшенова- көчө комитети
3.Токтом 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
4. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагын өзүмө калтырам.
Төрага | М.Т.Садыков |